Ош шаарында шаар күнүнө карата эл аралык профессионалдык бокс турнири уюштурулат. Бул тууралуу кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов билдирди.
Маалым болгондой, мелдешке 10 өлкөдөн мыкты мушкерлер катышат. Турнирдин негизги беттештеринде Кыргызстандын бокс тарыхында биринчи жолу WBC «Улуу Туран» жана WBA Asia чемпиондук курлары үчүн таймаштар өтөт.
Иш-чарага дүйнөлүк бокс уюмдарынын калыстары жана белгилүү бокс легендалары да атайын конок катары чакырылат.



