7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванда эки аткаминер пара алууга шектелип кармалды

133

Ош облусунун Араван районунда 12-августта, Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы жана башчысынын орун басары пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Тергөө маалымдагандай, кызмат адамдары орнотулган конструкцияны бир жер тилкесинен экинчисине которуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылышкан.

Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г. У. А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле, УКМК кылмышка катыштыгы бар деп эсептеген айыл аймак башчысынын орун басары И. М. А. да кармалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

134