Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Талас чөлкөмүндө +28…+33, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын регионунда +26…+31 градус ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +32…+34, Ошто +33…+35, ал эми Чолпон-Атада +25…+27 градуска көтөрүлөт.
Жакшы маанай — жакшы күндүн башаты! Кутман таң, окурман!



