7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окуучулар информатика олимпиадасында ийгилик жаратышты

24

Кыргызстандык төрт окуучу Ташкентте өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жарыш 9–16-август күндөрү болгон. Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышкан.

“Кыргызстандын командасындагы 4 окуучу тең медаль утту. Алар эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту. Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул — Кыргызстандын аталган жарышка катышуу тарыхындагы эң мыкты жыйынтык”, — деп айтылган маалыматта.

Төмөнкү окуучулар жеңишке жеткен:

Рамазан Мананов – “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;

Алихан Айдарбеков – “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;

Абдуллахан Абдирасулов – “Амбассадор Интернешнл Скул” эл аралык мектеби;

Ян Бобрус – “Газпром Кыргызстан” мектеби.

25