«Манас» эл аралык аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, убактылуу режим ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилүүдө.
Мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын учактарын кабыл алуу үчүн күндүзгү каттамдарга убактылуу чектөө коюлат.
Тактап айтканда, 31-августта саат 09:00дөн 20:00гө чейин, ал эми 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин чектөөлөр күчүндө болот.
Ошол эле учурда «Манас» эл аралык аэропорту чектөө коюлган убакыттардан тышкары кадимки режимде иштеп, каттамдарды кабыл ала берет.



