7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыктар августтун аягында бир нече күн катары менен эс алышат

2

Бишкектиктер августтун аягында жана сентябрдын башында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнү өлкө боюнча иш эмес майрам күнү болуп саналат. Бул күнү иштеген кызматкерлерге башка эс алуу күнү берилет же эмгек акысы эки эселенген өлчөмдө төлөнөт. Майрам күнү ишке тартуу үчүн кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин №479 токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-сентябры Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү деп белгиленди. Бул күнү орточо күндүк эмгек акы сакталат. Жеке менчик уюмдар үчүн 1-сентябрдагы эс алуу сунуштама мүнөзүндө болот.

3