Чынында, эгемендик жылдарда мынча көп өлкө башчылары, даражалуу коноктор бир убакта Кыргызстанга келиши биринчи жолу болуп атат. Жыйырмадан ашык президенттер, премьер министрлер, жүздөгөн расмий делегациялар мүчөлөрү, журналисттер, спортсмендер, артисттер. Албетте, бир чети сыймык. Экинчи чети — жоопкерчилик жана түйшүк. Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев фейсбук баракчасына жазды.
«Менин эмне ишим бар, чоңдордун проблемасы бул, ошолор аракет кылсын деп койсок деле болот. Бирок, ошол коноктор, келген чет элдик жарандар биринчи ирээтте. Кыргызстанга жана кыргыздарга келип атышат! Алар Кыргызстанга жана кыргыздарга баа беришет! Жакшы болсок да жаман болсок да.
Мындай ири иш чарада албетте коомдук биримдүүлүк, акыл эс жана сабырдуулук керек болот! Кыргыздар — меймандос улутпуз деп эзелтеден айтып келебиз. Бул сөздөр башкасын айтпаганда, Кыргызстандын Гимнине кирген сөздөр! 3-4 күн жөнөкөй жарандарга, өзгөчө Бишкек менен Ысык-Көлдө, албетте ыңгайсыздык жаралат. Пробка-тыгындар болот. Коомдук транспорт кечигип иштей башташы мүмкүн.
Чыдап коелу, мекендештер! Жол тоскон ГАИлерди ызырынып, сөкпөйлү. Шаардын мэри «тирүүбү» деп видеолорду жаадырбай кое туралы. Конок каадасын татыктуу көрсөтүп коелу.
Анан коноктор аман-эсен келип кеткен соң, өз ичибизде, өз «косяктарыбызды» баалап, талдап алаарбыз. Проблемалар бар. Өнүгүү да бар, жетишкендиктер да толтура. Биз үчүн биздин проблемаларды келген коноктор чечип беришпейт, албетте. Бирок, жакшы санаалаштар келатат! Досторубуз келатат! Бир чоң «Шернедеги» жакындарыбыз келатат.
Адатта, кайсы бир айылга конокко же кудага барсаң ал барган үйүңдү жана үй ээсин гана сынабайсың. Ал турган иш. Ошол айылдын калкын, ынтымагын, тазалыгын, уюштуруу дараметин, сый урматын баалайсың. Кийин да ошол айыл жөнүндөгү элес-пикир көпкө чейин калат, таркатылат, жазылат. Коноктор келип турсун, мекендешим! Биз да барып туралы! Адам адам менен Адам болот да» — деп жазды саясат таануучу.



