7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК “Ак-Тилек” бекетинде коррупциялык схема аныкталганын кабарлады

144

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Ак-Тилек автожол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүп туруу фактысын аныктап, бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, чек ара кызматынын жана салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары коммерциялык жүктөрдү ташыган унаалардын Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап турушкан. Ошондой эле, расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташкан. Бул үчүн алар акча алып турушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгында жогорку кылмыштарга шектелип, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери (Э.у.Ч), Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери (Ж.М.Т. жана О.К.И) жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу (Н.М.С.) кармалып,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

145