7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта жакында уникалдуу аллея ачылат

15

Талас шаарындагы К.Нуржанов атындагы аллея жаңыланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайына айланууда. Долбоор президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү  Эрмат Жумаев билдирди.

“Жаңыланган аллея Таластын көркүнө көрк кошкон, эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу жайлардын бирине айланат. Бул жерде шаар тургундары менен катар туристтер жана Таласка келген меймандар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аллеянын аймагында эс алуучу жайлар, бутиктер, китепкана, спорт менен машыгууга арналган воркаут аянтчалары, Wi-Fi зонасы, фонтан жана башка заманбап инфраструктуралар каралган. Ошондой эле аллеяга жанаша жайгашкан турак үйлөрдүн жана соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшү жаңыланып, жаңы парктын жалпы архитектуралык стилине ылайыкташтырылууда. Бул иштер шаардын борбордук бөлүгүнүн көркүн жакшыртып, бирдиктүү жана заманбап көрүнүштү камсыз кылууга багытталган”, — деп билдирди Жумаев.

К. Нуржанов аллеясын реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталган. Долбоордун толук ишке ашышы менен Таластын туризм жана шаардык инфраструктура жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет.

Жаңыланган эс алуу жайы быйыл 11–12-сентябрда эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында мамлекет башчысынын катышуусунда расмий ачылат.

16