7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаңы бетон заводу ишке кирип, 120 жумуш орду түзүлөт

143

Ош шаарында жаңы бетон заводун ишке киргизүүгө акыркы даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы маалымдады.

Учурда «Кең Строй Сервис» ЖЧКсынын бетон заводунун курулуш-монтаждоо иштери 95 пайызга аткарылды.

Мэр Жанарбек Акаев заводдун курулушу менен жеринен таанышып, заманбап жабдуулардын орнотулушун жана ишке даярдык деңгээлин текшерди. Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 100дөн 120га чейин жаңы жумуш орду түзүлүп, шаар тургундары туруктуу жумуш менен камсыздалат.

Шаар мэри ата мекендик өндүрүштү колдоо жана курулуш тармагын сапаттуу материалдар менен камсыздоо маанилүү багыт экенин белгиледи. Тиешелүү жетекчилерге заводду пайдаланууга берүү иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.

144