7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек Аренага» бул буюмдарды алып кирүүгө болбойт

17

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионуна бир катар буюмдарды алып кире алышпайт. Стадиондун администрациясы коопсуздук талаптарына байланыштуу стадионго киргизүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Тизме:

  • тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкө, банка жана башка катуу же сынуучу идиштер;
  • чоң көлөмдөгү рюкзак, сумка жана чемодандар;
  • курал-жарак, сайгыч-кескич буюмдар, пиротехникалык каражаттар, аэрозолдор жана газ баллондору сыяктуу кооптуу заттар;
  • алдын ала уруксат берилбеген кесиптик камералар, дрондор, радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулар;
  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафон жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттар;

Тыюу салынган буюмдар стадиондун кире беришиндеги текшерүү учурунда алынат.

18