Төө-Ашуу ашуусунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, башка айдоочуларга коркунуч жараткандыгы үчүн кармалып, жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочуга карата тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Каршы тилкеге чыгуу — өзүнүн гана эмес, башка адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткан кооптуу аракет.
Айрыкча тоолуу аймактарда жана ашууларда айдоочулар жолдун абалына, аба ырайына жана көрүнүштүн чектелүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, коопсуздук талаптарын так сактоого милдеттүү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



