Бир нече күн мурун Чолпон-Атага барып, ипподромдун ылдый жагында көк бөрүнүн жаңы майданы салынып жатканын көрүп, аябай сүйүндүм. Бул майдан күйөрмандарга оюнду жакындан байкоого мүмкүнчүлүк берет. Көрүүчү өзүн спортчулар менен бирге көк бөрү тартып жаткандай сезет. Мындай пикирин меценат, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт, учурда ага даярдык кызуу жүрүп жатат. Мындай ири иш-чара Кыргызстанды дүйнөгө дагы да жакшы жагынан таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Ар ким өзү жактырган спорттун түрүнө тартылат экен. Ат чабыш болобу, кыз куумай, күрөш болобу — ар биринин өзүнүн күйөрмандары бар.
Көчмөндөр оюндарынын эң белгилүү жана маанилүү оюндарынан бири — көк бөрү, мен ушул оюндун фанатымын. Биз көк бөрүнү жаңы деңгээлге чыгарууну көздөп, Болот Шамшиев жана Темир Дүйшөкеев менен биргеликте аны дүйнөлүк стандарттарга алып келүүнү максат кылганбыз. Оюн хоккейдеги коробка сыяктуу аянтта өтүп, ауттар жана паузалар мүмкүн болушунча аз болсун деген ой менен түзгөнбүз.
Бир нече күн мурун Чолпон-Атага барып, ипподромдун ылдый жагында 1997-жылдан бери эңсеп келе жаткан көк бөрүнүн жаңы майданы салынып жатканын көрүп, чындап аябай сүйүндүм. Бул майдан күйөрмандарга оюнду жакындан байкоого мүмкүнчүлүк берет. Көрүүчү өзүн спортчулар менен бирге көк бөрү тартып жаткандай сезет. Бул өз кезегинде күйөрмандардын санын көбөйтүп, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырат. Дүйнөдө кеңири өнүгүп, популярдуу болгон спорттун түрлөрүнө көз чаптырсак, алардын баары ушундай өнүгүү жолун басып өткөн. Так ушул себептен улам футбол жана хоккей оюндарында да аянтчанын айланасында чуркоо жолу жок. Көк бөрүбүз да алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин жаңы дем алып, мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимдемин.
Кырчында, «Дордой Номадда», Чолпон-Атада оюндарды өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктын жогорку деңгээли, өзгөчө оюндардын ачылыш аземи Борбор Азиядагы эң ири стадион — Бишкек Аренада 50 миңге чейин көрүүчүнүн катышуусунда өтөрү сыймыктануу жана кубаныч сезимин жаратат. Белгилей кетүүчү нерсе, ушул стадион рекорддук мөөнөттө — болгону эки жылдын ичинде курулду. Ушул эле мезгилде миңдеген чакырым автомобиль жолдору жана темир жолдор салынып, жүздөгөн өнөр жай жана айыл чарба ишканалар, турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, эс алуу жана ден соолукту чыңдоочу жайлар курулду.
Өлкөбүздүн мынчалык тездик менен өнүгүп жатканын бүгүн эч ким тана албайт. Коомубузда болуп жаткан ири оң өзгөрүүлөргө ар бирибиз күбө болуп жатабыз. Мунун баары мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилигинин астында, кыргызстандыктар жана инвесторлор менен өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган саясатынын жемиши» — деп жазган Салымбеков.



