7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттикке талапкерлердин бюллетендеги кезектүүлүгүн аныктоо тартиби бекитилди

6

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүүнүн жаңы тартибин бекитти.

Жаңы тартипке ылайык, чүчүкулак өткөрүүнүн негизги жол-жобосу өзгөрүүсүз калат. Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болсо, чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БШКнын маалыматына ылайык, мындай ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен бирге катышуучулардын макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт.

Ошондой эле жаңы тартип чүчүкулакты өткөрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, анын этаптарын жана убакыт чыгымдарын кыскартууга багытталган.

7