31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу «Бишкек Аренага» шаардын 21 жеринен атайын шаттл-бустар уюштурулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:
-
- Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
- Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
- А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
- «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
- Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
- «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
- Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
- Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
- Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
- Алтымышев көчсөсү, 98/1;
- Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
- Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
- Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
- Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
- Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
- Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
- Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
- Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
- Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
- Тыналиев көчөсү, 16.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт.
Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен «Менин шаарым» («Мой город») мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.



