Өлкөдө жаңы курулуп жаткан мектептердин фасады мындан ары заманбап материалдар менен жасалат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы мектептерди курууда заманбап ыкмалар колдонулуп, сапатка, ыңгайлуу шартка, коопсуздукка жана өзгөчө архитектурага көңүл бурулуп жатат.
«Сырткы көрүнүшүнө талап күчөтүлдү. Кадимки ак шыбактын ордуна сапаттуу жана заманбап фасаддык материалдар колдонулат. Президенттин тапшырмасы менен быйыл курулуп жаткан 36 мектеп ушундай талаптарга жооп берет», — деди министр.
Орунтаев мектептер заманбап эмеректер менен жабдыларын кошумчалады.



