7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук аймагында ири долбоорлор ишке ашууда

9

Сокулук айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында бир катар иштер аткарылууда. Саз айылында спорт залдын курулушу аяктап калса, Сокулукта жаңы футбол аянтчасы курулууда. Ошондой эле бир катар көчөлөрдү асфальттоо пландалууда. Ал эми келечекте айыл аймагындагы ипподромду толук реконструкциялап, заманбап спорттук комплекске айлантуу максаты коюлган. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Иштыбаев Рустам Нурадильевич айтып берди.

— Бүгүнкү күндө айыл аймакта калктын жашоо шартын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сергек жашоо үчүн шарт түзүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда.

Тактап айтсак, Саз айылындагы спорт залдын курулушу аяктоо алдында турат. Учурда акыркы иштер жүргүзүлүп жатат. Жакынкы убакта объектти толук бүтүрүү пландалууда. Негизги максат — балдарга жана айыл тургундарына спорт менен машыгууга, ден соолугун чыңдоого жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү. Биз спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени ал сергек жашоо образынын жана жаш муунду тарбиялоонун маанилүү бөлүгү.

Мындан тышкары, Сокулук айылында Ленин көчөсүнүн ылдый жагында футбол аянтчасынын курулушу башталды. Бул жерде балдар, жаштар жана спортко кызыккан бардык тургундар футбол жана башка спорт түрлөрү менен машыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү — биздин негизги багыттарыбыздын бири.

Жолдордун абалына да өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда көчөлөрдү асфальттоого даярдык иштери жүрүп жатат. Жакынкы пландарда Ысык-Көл, Чыгыш, Ала-Арча жана Полярная көчөлөрүн асфальттоо каралган. Биздин максат — жолдорду этап-этабы менен оңдоп, келечекте Сокулуктун бардык көчөлөрүн асфальттап, тургундар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу жол шарттарын түзүү.

— Келечекте дагы кандай ири долбоорлор пландалууда?

— Белгилүү болгондой, айыл аймактын аймагында ипподром жайгашкан. Тилекке каршы, учурда анын абалы авариялык абалда жана олуттуу реконструкцияны талап кылат.

Бүгүнкү күндө ипподромду реконструкциялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, керектүү документтер топтолууда. Келечектеги объекттин тиешелүү чиймелери жана эскиздери да даярдалды.

Биздин максат — ипподромду толугу менен реконструкциялап, бардык талаптарга жооп берген заманбап спорттук комплекс түзүү. Аны мыкты ипподромдордун бирине айлантып, ат оюндары боюнча мелдештерди жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле ипподромдун айланасындагы инфраструктураны да жакшыртуу пландалууда.

Бул долбоорлордун бардыгы Сокулук айыл аймагын комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Биздин негизги милдет — инфраструктураны жакшыртуу, калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, спортту өнүктүрүү, аймакты көрктөндүрүү жана Сокулук аймагын жашоо үчүн заманбап, ыңгайлуу жана жагымдуу аймакка айлантуу.

 

10