7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сматова: Бийликтегилер ак иштеп, таза жүргөндө 30 жылда “Ырыс Ордо” сыяктуу имараттар эбак эле курулмак…

14

Силер дагы ак иштеп, таза жүргөндө 30 жылда Ырыс-Ордо сыяктуу имараттар эбак эле курулмак… Мындай пикирин коомдук ишмер, блогер Рыскул Сматова фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Ырыс-Ордонун ачылыш аземине мамлекеттин эгемендик тарыхындагы саясатчылар, чиновник болгондор, маданияттагы мыктылар, айтор эч ким калбай чакырылыптыр. Камалып чыккандар дагы, сурак берип соту болуп жүргөндөр, айтор оппозиция-позициясы аралаш. Саясатта урушуп, пикирлери келишпей жүргөндөр бир жерге чогулганда күлүп учурашып, кучакташып, кадимкидей эле баарлашып калышат экен.

Президент жакшы кылыптыр, буулуккан саясатчыларды бир чогултуп, бир жолуктуруп черин жазды. Бирок аларды тиктеп туруп, менде “…силер дагы ак иштеп, таза жүргөндө 30 жылдын ичинде Ырыс-Ордо сыяктуу имараттар эбак эле курулмак…”, -деген ой келди » — деп жазган Сматова.

15