25-августка караган түнү Бишкек шаарынын Маевка айылындагы көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, өрт Набережная көчөсүндө жайгашкан №33 үйдө чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи бөлүмү окуя болгон жерге саат 00:07де барган. Тилсиз жоо саат 01:06да чектөөгө алынып, саат 04:25те толугу менен өчүрүлгөн.
Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.



