7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Саясий көз карашты, жеке амбицияны четке коюп, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн бирге турушубуз керек

12

Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышында билдирди.

«Мына бүгүн ырыстуу “Ырыс-Ордобузда” өлкөбүздү ар кайсы мезгилдерде 35 жылдан бери жылдан бери башкарууга катышкан инсандар, депутаттар, министрлер, губернаторлор чакырылып, сиздер менен бирге баарыбыз чогулуп отурабыз. Эгемен Кыргызстандын бүгүнкү даражага жетүүсүндө ар бириңиздердин өз салымыңыздар бар экени талашсыз.

Кечээ саясий атаандаш болгонубузга, же бүгүн айрым маселелерде пикир келишпестигибизге карабай, мамлекет үчүн маанилүү иштерде саясий көз карашты, жеке амбицияны четке коюп, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн бирге тура билишибиз керек.

Саясий көз караштар ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок өлкөбүз бирөө эле, Кыргызстан деген Ата Мекенибиз бирөө! Демек, анын келечеги да бир!

Мен бир нерсеге ар дайым кубанам. Мына бул жердеги жаштарыбызга, саясаттагы жаңы жүздөргө да кайрыла кетейин. Кийинки муун Мекен башына күн түшкөндө же өлкө үчүн маанилүу маселе жаралганда ким кайсы тарапта экенине карабай, кандай көз карашта экенине карабай бир Туунун астына чогулуп, бир позицияда тура алгандыгын байкап келе жатам. Ушул асыл сапатыңардан жазбасаңар, Кыргызстандын жаркын келечеги силердин колуңарда болот.

Кимиңер кандай саясий көз карашта, кандай позицияда болбогула, Кыргызстан үчүн күйүп-жансаңар, мамлекеттин тагдыр чечүүчү маселелеринде, өлкөбүздүн кубанычында да, кыйынчылыгында да бир муштумга түйүлгөн күчтүү муунду мына силер түптөйсүңөр!

Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз.

Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок.

Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек.

Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку! Ошондуктан ынтымагы бекем, руху бийик, келечегине ишеним менен караган ырыстуу өлкөнү курууну уланта берели» — деп айтты Садыр Жапаров.

13