Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен кызматташууну токтотуу боюнча өз ара макулдашууга келишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Роберт Просинечки улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.
Кыргыз футбол биримдиги Роберт Просинечкиге аткарган эмгеги, улуттук курама команданы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.



