7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

198

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Урмат Абдукаимов дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Тиешелүү чечим бүгүн уюмдун Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Ал бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди.

Маалыматка ылайык, жаңы машыктыруучуга команданы 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.

Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын «A» категориясындагы лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын жана Жогорку Лиганын «Талант» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Ошондой эле машыктыруучуларды даярдоо курстарында инструктор катары иш алып барган.

199