Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Урмат Абдукаимов дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Тиешелүү чечим бүгүн уюмдун Аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды. Ал бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди.
Маалыматка ылайык, жаңы машыктыруучуга команданы 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын «A» категориясындагы лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын жана Жогорку Лиганын «Талант» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Ошондой эле машыктыруучуларды даярдоо курстарында инструктор катары иш алып барган.



