Бүгүн, 26-августта «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаров чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземи өттү. Мамлекет башчысына ишеним грамоталарын Монголиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тэгшжаргал Дэмчиг жана Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков тапшырды.
Салтанаттуу азем дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен Ардактуу кароол ротасынын саламдашуусунан башталды. Аземден кийин өлкө башчы Садыр Жапаров элчилер менен жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Монголиянын элчиси Тэгшжаргал Дэмчиг менен баарлашууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, транспорттук өз ара байланыштарды чыңдоого, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы алакаларга өзгөчө көңүл бурулду.
Казакстандын элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушууда кыргыз-казак мамилелеринин стратегиялык мүнөзү, саясий диалогдун жогорку деңгээли жана кеңири багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү канааттануу менен белгиленди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, отун-энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, чек ара инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы элчилерге дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасынын Монголия жана Казакстан Республикасы менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелери андан ары бекемделерине ишеним артты.
Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин алдыдагы ШКУ жана ШКУ+ саммиттерине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келишин чоң кубаныч менен күтүп жатканын белгиледи.




