7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

136

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Си Цзиньпин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат.

Кытайдын төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.

137