7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кызганычтан улам адам өлтүрүүгө шектелген аскер кызматкери кармалды

134

Ошто кызганычтан улам адам өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-августта милицияга Төлөйкөн конушундагы үйлөрдүн биринен 35 жаштагы кишинин асылган сөөгү табылган. Окуя болгон жерди кароо учурунда милиция кызматкерлери маркум өз жанын кыйбаганын, киши колдуу болуп каза болгонун аныкташты.

Бул факт боюнча иш козголуп, Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде келишим менен кызмат өтөп жүргөн 20 жаштагы жигит кармалды. Ал кылмышын мойнуна алып, курбу кызын кызганып ушундай кадамга барганын билдирген.

Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

135