7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирет

200

Бишкекте «100 өнөр жай ишканасы – 2026» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан үч жаңы өндүрүш объектиси ишке кирүүгө даярдалып жатат.

Бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев ишканалардын даярдыгы менен таанышты. Алардын бири – «КыргызТрансформатор» ЖЧКсы. Ишканада жылына 1 миң күч трансформаторун чыгаруу пландалууда. Өндүрүш ишке киргенде 50гө чейин жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары, «Полибетон» ААКтын кошумча кулинардык цехинин даярдыгы 95 пайызга жетти. Анда даяр тамак, нан-кондитердик жана башка азыктар өндүрүлүп, 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Ал эми «Флагман компани» ЖЧКсы жылына 6 миң тонна металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгара турган заводду ишке киргизүүгө даярданууда. Объекттин даярдыгы 98 пайызды түзүп, 35 жумуш орду түзүлөт.

Мэр долбоорлордо жакшы динамика бар экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

201