7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аттары өзгөртүлдү. Тизме

12

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн жана проспекттердин аталыштарын өзгөртүү иштери аяктоо алдында турат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында кайталанган көчө аталыштарын жоюлуп, бир катар көчөлөр жана проспекттер бир аталыштарга бириктирилди.

Өзгөрүү төмөнкүчө болмокчу:

  • Михаил Фрунзе көчөсү (Новопавловка), Дэн Сяопин, Чүй жана Шабдан баатыр проспектилери — Чүй проспекти;
  • 7-Апрель жана Курманжан датка көчөлөрү — Курманжан датка көчөсү;
  • Жайыл баатыр көчөсү, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилери, Кайыков көчөсү — Аалы Токомбаев проспекти;
  • Анварбек Чортеков жана Кривоносов көчөлөрү — Абсамат Масалиев көчөсү;
  • Лев Толстой, Путепроводная жана Сары-Өзөн көчөлөрү — Шабдан баатыр көчөсү;
  • Чыңгыз Айтматов проспекти жана Манас көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспекти;
  • Жаш Гвардия бульвары жана Махатма Ганди көчөсү — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
  • Селекция жана Муромск көчөлөрү — Махатма Ганди көчөсү;
  • Юлиус Фучик көчөсү жана Васильев тракты — Манас көчөсү;
  • Жибек Жолу жана Жеңиш проспектилери — Жибек Жолу проспекти;
  • Максим Горький жана Анкара көчөлөрү — Анкара көчөсү;
  • Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрү — Карыбек Тыналиев көчөсү;
  • Байтик баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрү — Жусуп Абдрахманов көчөсү;
  • Берег, Окраина, Көк-Сай, К. Курманалиев жана Набережная көчөлөрү — Дэн Сяопин көчөсү;
  • Исхак Раззаков көчөсү Новопавловка жана Асипа Темирова көчөсү — Анварбек Чортеков көчөсү;
  • Виноградная көчөсү — Лев Толстой көчөсү;
  • Николай Гоголь көчөсү Новопавловка — Чалагыз Иманкулов көчөсү;
  • Лена жана Юбилей көчөлөрү — Жайыл баатыр көчөсү.

Учурда шаардагы даректик номерлерди жаңы аталыштарга ылайык өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул этап аяктагандан кийин көчөлөргө жаңы аталыштагы аншлагдар орнотулуп, коомдук транспорт жана коммуналдык кызматтардын маалыматтары жаңыланат.

Мындан тышкары, даректердин реестри мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланып, жаңы даректер тууралуу маалымат «2ГИС» жана «Яндекс карта» сервистерине берилет. Ошондой эле көчөлөрдүн жашоочуларына өзгөрүүлөр тууралуу маалымат жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

13