7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” эл аралык аэропортунда төртүнчү телескоптук трап орнотулду

18

“Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр инфратүзүмүн  ырааттуу модернизациялоо иштери уланууда. Аэропортту масштабдуу жаңылоонун алкагында Shenzhen CIMC-TianDa Airport Support LTD компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Apron Drive PBB моделиндеги жүргүнчүлөр үчүн төртүнчү телескоптук трап орнотулду.

Заманбап телескоптук трап жүргүнчүлөргө түздөн-түз терминал аркылуу бортко отурууга жана аба кемесинен түшүүгө мүмкүндүк берип, аба ырайынын шарттарына карабастан кошумча ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат. Бул өзгөчө кыш мезгилинде, ошондой эле эл аралык каттамдарды тейлөөдө жана жүргүнчүлөр агымы көбөйгөн учурда өтө маанилүү.

Жаңы жабдууну орнотуу “Манас” эл аралык аэропортун комплекстүү  модернизациялоо программасынын бир бөлүгү болуп саналып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана аэропорттун инфратүзүмүн азыркы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

19