Нарынбек Кубатбек уулу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү чечим «Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
Бүгүн жаңы дайындалган министрдин орун басары министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына расмий тааныштырылды.
Нарынбек Кубатбек уулу мындан ары илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган иштерге катышат.




