7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө күйүүчү майдын баасын турукташтыруу жана камсыздоо маселеси каралды

268

Бүгүн, 26-августта Президентик Администрацияда өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.

Анда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков мунай заттарына байланыштуу маселелерди тескеген мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле мунай ташыган компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бул тармактагы актуалдуу маселелер жана алдыдагы пландар каралды.

Жыйында негизинен экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, мунай заттарына рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чараларды көрүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинети тарабынан аткарылып жаткан иштердин аткарылышы талкууланып, жыйынтыгында катышуучулардын тийиштүүлүгүнө жараша бир катар тапшырмалар берилди.

269