7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

12

Бишкек шаарынын С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы пайда болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Анын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Долбоордун алкагында балдар ойноочу жана спорт аянтча, воркаут жайы, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, унаа токтотуучу жай, жашыл газондор жана бак-дарактарды отургузуу каралган.

Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап эс алуу жайын түзүү жана аймакты көрктөндүрүү каралган. Ошондой эле отургуч, таштанды урналарын, оюн жана спорттук жабдууларды, заманбап энергия үнөмдөөчү көчө жарыктарын орнотуу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу аймактын архитектуралык жана ландшафттык көрүнүшүн жакшыртууга, жашылдандыруу деңгээлин жогорулатууга жана коопсуз коомдук мейкиндик түзүүгө шарт түзөт. Учурда долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.

13