Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата Бишкекте даярдык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильевский тракты) жол түйүнүн реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында тилкеге илбирстин эстелиги түшүрүлгөн жаңы стела орнотулду. Мындан тышкары, “Аска-Таш” мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштеринин жана Манас көчөсүндөгү көпүрө өткөөлдөрүн капиталдык оңдоодо негизги иштер аяктады. Учурда алардын айланасындагы аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.
Мэр Айбек Жунушалиев объекттерди текшерүү учурунда “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле, жооптуу кызматтарга бардык зарыл болгон иштерди белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү жана ШКУнун саммити менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде объектилердин жана аларга чектеш аймактардын тийиштүү абалын камсыз кылуу керектиги айтылды.




