7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт

195

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–4-сентябрда Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери келе жаткан руханий жана маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого жана улуттук баалуулуктарды жаш муундар арасында жайылтууга багытталган.

Эл аралык айтышта Кыргызстандын жана Казакстандын таланттуу төкмө акындары ат салышып, курч сөзү, тапкычтыгы жана импровизациялык чеберчилиги менен өнөр сүйүүчүлөрүнө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Акындар комуздун күүсү менен коштолгон айтыш өнөрүнүн салтын улантып, эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн маанилүү темаларын ыр саптарына салышат.

Айтыштын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт.

196