Токмок шаарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырып жаткан жарандан электрондук каражаттар табылды.
Маалыматка ылайык, ал экзаменге акылдуу саат, кулакчын, уюлдук телефон жана микрофон алып кирген. Аталган электрондук каражаттар алынып, Токмок шаардык милициясынын кызматкерине өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик борбор талапкерлер экзаменди белгиленген тартипте жана өз билими менен тапшырышы керектигин эскертти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



