7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаттл-автобуска отуруңуз! 31-августта «Бишкек Аренага» кантип жетүүгө болот?

1

31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата шаардын ар кайсы аймактарынан келген көрүүчүлөр үчүн  «Бишкек Аренага» акысыз маршруттук автобустар кызмат көрсөтөт. Шаттл-автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан чыгат. Пункттардан «Бишкек Аренага» акыркы маршруттук автобус саат 16:00дө болот.

Шаттл-автобустарына түшүү акысыз. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билети же иш-чарага чакыруусу бар көрүүчүлөр кызматты колдоно алышат.

Шаттл-автобустарынын  жөнөө пунктары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  5. Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  7. Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;
  8. Аул көчөсү, 10A/1 (Кожзавод);
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  13. Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);
  14. Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (азыркы Чүй проспектиси), (ДЭПО-2);
  17. Москва көчөсү, 239, 4-электр автобусунун (ДЭПО-1) акыркы аялдамасы;
  18. Дэн Сяопин проспектиси, 209 (азыркы Чүй проспектиси);
  19. Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр шаарга кайтуу үчүн «Бишкек Аренага» келген багыты боюнча ошол эле каттам менен жүргөн шаттл-бустарды пайдаланышы керек.

Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү акысыз шаттл-транспорттун кызматынан пайдаланууга жана «Бишкек Аренага» өз убагында жетип, салтанаттуу азем башталганга чейин өз орундарын ээлеп калуу үчүн жөнөп кетүү пунктуна алдын ала келүүгө чакырат.

2