7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат

1303

Баткен облусунда ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков облус аймагындагы укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда. Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски -Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуздук жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган.

Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов өздүк курамы менен, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1304