Кечээ, 29-апрелде «Кызыл-Бел» (КР) – «Гулистон» (ТР) өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Кыргызстандан өкмөттүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Ө.И.Суваналиев, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору У.З.Шаршеев, КР Ички иштер министринин биринчи орун басары С.А.Омурзаков, УКМКнын төрагасынын орун басары А.А.Шаменов. Тажикстандан УКМКсынын Төрагасы С.С.Ятимов, Тажикстан Республикасынын УКМКсынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин башчысы Раджабали Рахмонали, РТнын Согди облусунун Төрагасы Раджаббой Ахмадзода.
Жолугушуу учурунда Тараптар ынак коңшулук мамилелер жана буга чейинки мамлекеттер аралык келишимдер менен макулдашуулардын негизинде төмөнкү маселелер боюнча төмөнкүлөр тууралуу өз ара макулдашышты:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чектеш аймактарында ок атууну ушул жылдын 29-апрелинде Бишкек убактысы боюнча 19.30дан тартып (Душанбе убактысы боюнча ушул жылдын 29-апрелинде саат 18.30дан тартып) токтотуу;
- Аскерлерди жана аскердик техниканы КРнын Баткен облусунун жана ТРнын Согди облусунун чектеш аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерге алып кетүү;
- КРнын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун чектеш аймактарында абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүү процесстерин улантуу;
- Эки элдин жана мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу жана тиешелүү турукташтырууга багытталган сүйлөшүү процесстерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдары менен аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча.
Жолугушуунун соңунда тараптар тийиштүү биргелешкен билдирүү кабыл алып, жолугушуунун Протоколуна кол коюшту.