7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

767

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салууда. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди.

Биз түзүлгөн кырдаалды тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, билдирүүлөрдү көрдүк. Ошондой эле Кыргызстан жана Тажикстан ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканын жарыялаганынан да кабардарбыз. Чындыгында ушундай болсо, биз аны кубаттайбыз”, — деди Хак брифинг учурунда.

БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768