Өлкө башчы Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
Президенттин иш башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык «Түндүк» ачык акционердик коомун жоюу жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
2) «Түндүк» ААКтын функцияларын жана милдеттерин, ошондой эле анын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, материалдык эмес активдерин белгиленген тартипте президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүнү камсыз кылуу;
3) кайталануучу функцияларды жоюу үчүн уюштуруу түзүмүнө функционалдык талдоо жана оптималдаштыруу жүргүзүү жана президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштурууга тийиш болгон «Түндүк» ААКтын кызматкерлеринин санын аныктоо;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен «Түндүк» ААКтын кызматкерлерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү.
Президенттин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-пункттун 7-пунктчасында:
– «Түндүк» ААК жана» деген сөздөр алып салынсын;
– «берүүчүлөр» деген сөз «берүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын.
Жарлык боюнча түшүндүрмө:
Президенттин 26-августагы № 299 «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө» жарлыгы менен санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында президенттин Иш башкармалыгына «Түндүк» ачык акционердик коомун жоюу жана анын функцияларын, милдеттерин, ошондой эле финансылык, материалдык-техникалык каражаттарын жана материалдык эмес активдерин белгиленген тартипте президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу сунушталган.
Бул процесстин алкагында кайталанган функцияларды четтетүү, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик санариптештирүү чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону өркүндөтүү максатында функционалдык талдоо жүргүзүү жана уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу каралган.
Бул чечимди кабыл алуунун зарылдыгы азыркы учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелердин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык жактан коштоо боюнча айрым функциялардын бир эле учурда «Түндүк» ААК жана «Кызмат» ММ тарабынан аткарылып жаткандыгы менен шартталган.
Ишинин багыттары окшош эки уюмдун болушу айрым уюштуруучулук жана техникалык процесстердин кайталанышына, ресурстардын чачыранды пайдаланылышына, ошондой эле мамлекеттик санариптик системаларды эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоонун татаалдашына алып келүүдө.
Тиешелүү функцияларды бир түзүмдүн алкагында бириктирүү мамлекеттик ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга, кайталанган функцияларды жоюуга жана санариптик чечимдерди иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана техникалык жактан коштоо процесстерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мында колдонуучулар «Түндүк» платформасынын жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинин ишинде кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтпөшү керек. Санариптик продукт, анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана ал аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар толук көлөмдө иштөөсүн улантат.
«Түндүк» ААКтын функцияларын жана ресурстарын «Кызмат» ММге өткөрүп берүү, биринчи кезекте, уюштуруу түзүмүн оптималдаштырууга жана мамлекеттин санариптик инфраструктурасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандарга жана уюмдарга мамлекеттик санариптик кызматтар белгиленген тартипте көрсөтүлө берет.
Жүргүзүлүп жаткан оптималдаштыруунун негизги максаты – мамлекеттик санариптик системалардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, аларды техникалык жактан коштоонун сапатын жогорулатуу, ошондой эле электрондук мамлекеттик кызматтарды мындан ары кеңейтүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү.



