Непалда 26-августта болгон ири суу ташкыны жана ылай-таш агымы өлкөнүн бир катар аймактарында чоң кыйроолорго алып келди. Окуялардын хронологиясына токтолсок.
Эртең мененки саат 08:37де Тибет аймагында магнитудасы 4,4 балл болгон жер титирөө катталган. Алгач жер титирөө суу ташкынына себеп болушу мүмкүн деген божомол айтылган. Бирок кийинчерээк спутниктен алынган маалыматтарды талдоо кырсыктын механизми башкача болгонун көрсөткөн.
Саат 08:40 чамасында Непал менен Тибеттин чек арасына жакын жерде мөңгү жана ири көлөмдөгү таш-муз массасы өрөөнгө кулап түшкөн. Көчкү дарыянын нугун бөгөп, артынан топтолгон суу, ылай жана таштар капыстан ылдый карай агып кеткен.
Саат 09:00 чамасында Бхоте-Коши дарыясында катуу ташкын башталган. Суу менен кошо ылай жана ири таштар Непалдын Расува районуна жетип, Тимуре, Расувагадхи жана Сьяпру-Беси сыяктуу аймактарды каптаган. Жолдор, көпүрөлөр, имараттар жана гидроэлектростанциялар жабыркаган. Ошол эле учурда кырсык Кытайдын Тибет автономдуу районундагы Гиронг аймагына да жеткен.
Чек ара бекети жана жолдор зыянга учурап, Кытай тарапта да адам өмүрүнө байланыштуу жоготуулар жана дайынсыз жоголгондор катталган. Түшкө жакын ташкындын таасири төмөнкү аймактарга тарай баштаган. Бхоте-Коши дарыясынан ташкын Тришули дарыясына өтүп, Нувакот жана Дхадинг тарапка жеткен. Бийлик дарыялардын жээгинде жашаган адамдарды коопсуз жайларга көчүүгө чакырган.
Түштөн кийин суу ташкыны Дхадинг районундагы Галчхи аймагына жеткен. Адистер ташкындын Муглинг тарапка жылышы мүмкүн экенин эскертишкен.
Күндүн экинчи жарымында издөө-куткаруу иштери күчөтүлгөн. Кырсык болгон аймактарга Непал армиясынын, полициянын жана куралдуу полиция күчтөрүнүн кызматкерлери тартылган. Жабыркагандарды тик учактар менен эвакуациялоо башталган. Бирок бузулган жолдор, көпүрөлөр жана байланыш инфраструктурасы куткаруучулардын ишин кыйындаштырган.
26-августтун кечинде Непал бийлиги каза болгондордун саны 95ке жеткенин билдирген. Ошол учурда жүздөгөн адамдар менен байланыш үзүлгөн. Алардын арасында чет элдик туристтер, непалдык жарандар, коопсуздук кызматкерлери жана гидроэлектростанцияларда иштегендер болгон. Ал эми Кытайдын Тибет аймагында Гиронг районунда 3 адам каза болуп, 265 адам дайынсыз экени маалымдалган.
27-августтагы маалымат боюнча, кырсыктын масштабы дагы даана боло баштады. Непалда каза болгондордун саны 162 адамга жеткени айтылды. 400дөн ашык адам дайынсыз бойдон калууда. Жолдор, көпүрөлөр, турак жайлар жана энергетикалык объектилер олуттуу зыян тарткан.
Кытайдын Тибет аймагында болсо 3 адам каза болуп, 265 адам дайынсыз экени кабарланган. Ошентип, баштапкы маалыматтарда бул кырсык жер титирөөдөн кийинки суу ташкыны катары каралган. Бирок кийинки спутниктик жана техникалык маалыматтар негизги себеп мөңгү-таш көчкү болуп, анын дарыяны бөгөп, андан кийин топтолгон суунун капыстан бошонушу ири ташкынга алып келгенин көрсөттү.
Ал эми жер титирөө бул процессти баштоого түрткү болгон-болбогону азырынча толук тактала элек. Непалдагы кырсыктын кесепеттерин жоюу жана дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда.



