7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети экономиканы колдоого 38,8 млрд сом багыттайт

1

Министрлер кабинети экономиканы колдоого 38,8 млрд сом багыттайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Туусуна” билдирген.

Анда Данияр Амангелдиев жакын арада бааларды кармап турууга багытталган министрлер кабинетинин иш планы кабыл алынарын айтты.

“Анын алкагында болжол менен 38,8 млрд сом багыттоо каралууда. Бөлүнгөн каражаттар кайра иштетүүчүлөрдү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана малчыларды колдоого жумшалат. Иш пландын негизги максаттарынын бири — рынокко кеминде 20 миң баш асыл тукум мал чыгарууну камсыз кылуу. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети дыйкандарды колдоону жана президенттин тапшырмасы менен логистикалык комплекстерди курууну пландап жатат”, — деп белгиледи Амангелдиев.

Ал кошумчалагандай, бул чаралар ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн түшүмүн сактоого, рынокту азык-түлүк менен өз убагында камсыз кылууга жана өлкөнүн азык-түлүккө болгон ички керектөөсүн кеминде 70 пайызга ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыздоого багытталган.

2