7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Непалдын президентине көңүл айтты

219

Өлкө башчы Садыр Жапаров Непалда сел жүрүп, адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

“Непалдын чек ара аймактарында селдин кесепетинен ири кыйроолор болуп, көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

220