Бишкектеги Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу 16 автобустун жүрүү каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Өзгөртүүлөр №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227, 254 автобус каттамдарына тиешелүү болот. Автобустар жабылган тилкени айланып өтүп турат. Бул чаралар коомдук транспорт кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо максатын көздөйт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан сапарларын пландаштырууда убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону өтүнөт.



