31-августта Бишкек шаары ири эл аралык майрамдын бир бөлүгү болуп, борбор калаада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чараларга катышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин түз эфирдеги көрсөтүүсүн чогуу көрүүгө чакырат.
Коноктор үчүн өнөрпоздордун жана чыгармачыл топтордун концерттик программалары, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары уюштурулат.
- Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат.
- Октябрь районунда фан-зоналар Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» скверинде жана «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда иштейт.
- Ленин районунда фан-зоналар Фучик атындагы паркта, Ак-Ордо конушундагы «Ашар» паркында жана Жал кичи районундагы «Муун» скверинде уюштурулат.
- Биринчи май районунда оюндардын ачылыш аземин Ч. Түлөбердиев атындагы паркта (Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде), Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплексинде, ошондой эле Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан скверден көрүүгө болот.
- Свердлов районунда фан-зоналар Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплексинде, Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектебинде (1А дареги) жана Энесай 1-көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектебинде иштейт.
Белгилей кетсек, борбор калаанын төрт районунда уюштурулган бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.



