Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын арасында 6 мектеп, административдик имарат, бала бакча жана 2 өндүрүштүк ишкана бар.
Объектилердин даярдыгы менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев таанышты.



