Бишкек шаарында коомдук транспорттун айрым каттамдарынын жүрүү багыты убактылуу өзгөртүлдү.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, өзгөрүү Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенине байланыштуу болду.
Өзгөртүү төмөнкү каттамдарга тиешелүү:
№3, №4, №17, №21, №24, №30, №50, №77 жана №226.
Бул чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында кабыл алынган.
Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун каттамдардагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууга чакырды.



