7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вьетнамдын Вице-Президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

1

Бишкек, “Манас” эл аралык аэропорту, 2026-жылдын 30-августу – Вьетнам Социалисттик Республикасынын Вице-Президенти Во Тхи Ань Суан Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Вьетнамдын Вице-Президенти Во Тхи Ань Суан «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Вьетнамдын Вице-Президентине  Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.

2