7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

17

Бүгүн, 31-августта, Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун башында Жапаров Кытай лидерин кыргыз жергесинде жылуу тосуп алып, анын сапары Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы өткөрулгөн күнгө туш келгенин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы Тибетте сел жүрүп, адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу Си Цзиньпинге жана кытай элине жеке өзү терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президент Кыргызстан Кытай менен көп кылымдык достук, ынак коңшулук жана өз ара ишеним мамилелерин мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Кыска тарыхый мезгилдин ичинде биздин алакалар жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүнкү күндө тарыхый жактан эң жогорку деңгээлде турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы “алтын мезгилине” кадам таштады деп ишенимдүү түрдө айта алам”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ажо Си Цзиньпинди жана жалпы кытай элин Кытай Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады.

“Алдыга коюлган максаттарга жетүүдө жана Коммунисттик партиянын борбордук жетектөөчү ролу менен күчтүү, заманбап жана гүлдөп-өнүккөн Кытайды курууда жаңы ийгиликтерди каалайм”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров ошондой эле КЭРдин Төрагасын Кытайдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы беш жылдык планынын кабыл алынышы менен куттуктады.

“Белгиленген максаттардын ийгиликтүү ишке ашырылышы мындан ары туруктуу өсүшкө жана Кытайдын сапаттуу модернизацияланышына өбөлгө түзөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем”, — деди президент.

Си Цзиньпин Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушуп жатканына жана жети жылдан кийин Бишкекке кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

“Мен кайрадан Кыргызстанда турам жана өлкөңүздүн жаркын жетишкендиктерине жана кыргыз коомунун динамикалуу өнүгүүсүнө жеке өзүм күбө болдум. Кытай жакын коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары сиздердин ийгиликтериңиздерге чын жүрөктөн кубанат”, — деп белгиледи Кытай лидери.

КЭРдин төрагасы Садыр Жапаровду жана жалпы Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми жарандарга бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Си Цзиньпин кыргыз-кытай мамилелерине жогорку баа берип, саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана практикалык кызматташтыктын күч алып жатканын айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү Кыргызстан менен Кытай элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, бүткүл аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга олуттуу салым кошууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын тыкыр талкуулап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Айрыкча “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жүрүшүнө, “Бедел” өткөрмө пунктун мындан ары өнүктүрүүгө жана “Барскоон – Бедел” унаа жолун курууга көңүл бурулду. Бул стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын транзиттик потенциалын кыйла бекемдеп, транспорттук өз ара байланыштуулукту кеңейтип, Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жаңы транспорттук-логистикалык коридорду түзөрү белгиленди.

Тараптар ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, энергетиканы өнүктүрүү, ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин да карашты.

Агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыкты тереңдетүүгө, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана экологиялык жактан таза кыргызстандык айыл чарба продукцияларын Кытай рыногуна жеткирүүнү кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары жасалма интеллект, санариптик кызматтар, электрондук соода, маалыматтарды иштетүү борборлорун куруу жана Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарына алдыңкы технологиялык чечимдерди киргизүү белгиленди.Мамлекет башчылары жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруудан конкреттүү жана сезилерлик натыйжаларды камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Тараптар КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы кубаттуу дем берип, эки жактуу кызматташтыкты масштабдуу долбоорлорго, туруктуу өнүгүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган жаңы практикалык этапка өткөрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

18