7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө Өзбекстандын президенти жана Армениянын премьер-министри келди

22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министр Никол Пашинян Бишкекке келип конду.

“Манас” эл аралык аэропортунан аларды министрлер кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев, Никол Пашинян «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууга келишти.

Аларга Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

23